Иззат Артыковдун келинчеги Айгерим Замирбекова: "Иззат жеңет, медаль алып келет деп ишенгенбиз" (сүрөттөр)

Дүйнөлүк Олимпиада оюндарында 2008-жылдан бери бир да спортчу медаль тагынып кыргыз элин кубанта элек болчу. Арадан 8 жыл өтүп, кайрадан өлкөбүздүн желеги дүйнөлүк оюндар өтүп жаткан Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында желбиреди. Бул ирет жеңишти оор атлетчи Иззат Артыков алып келди. "Тыл бекем болсо, баарын жеңүүгө болот" дегендей, Иззаттын бекем тылы болгон келинчеги менен байланыштык. Бир айдан кийин эне болор алдында турган Айгерим Замирбекова SUPER.KG`ге берген маегинде жолдошунун жеңерине ар убак ишенгенин, түз эфирди көрүп жатып аябай толкунданганын айтат.

"Түз эфирде көрүп жатып аябай толкундандым. Сезимдерди сөз менен айтып берүү мүмкүн эмес. Азыр да толкунданып жатам. Спортчулардын жеңилип жатканына карабай "Иззат жеңет, медаль алып келет" деген ишенимди жоготкон жокмун. Жеңгенин көрүп кубандык, көзүбүзгө жаш алдык", - дейт спортчунун келинчеги.

Иззат Артыков 15 жылдан бери спорт менен алектенет. 2015-жылдын декабрь айында үйлөнгөн спортчу үлпөт тоюнан соң бир жума өтпөй Олимпиада оюндарына даярдануу үчүн кеткен. "Жумасына бир-эки жолу үйгө келчү. Калган убактысынын баарын даярданууга жумшады. Бул учурда тынчын албай, түшүнүү менен жолдошумду колдоп турдум. Мына эми эмгеги кайтып, жеңишке жетишти. Мындан ары да спортту таштап салбай, кийинки оюндарга даярданып, мындан да көп ийгиликтерге жетишет деп ишенем".

Спортчулар күчтүү болуш үчүн жакшы тамактанышы зарыл эмеспи. Оор атлетика менен алектенген Иззат камыр тамактарды жакшы көрөт. Андыктан Айгерим Замирбекова даамдуу тамактарды жасап берет.

Иззат Артыков үй-бүлөдө эки бир тууган, бир эжеси бар. Эки баласын жалгыз тарбиялаган спортчунун энеси Орусияда эмгектенет. Уулунун жеңишин уккан апасынын учурда кубанычы коюнуна батпай турган кези.

Спортчу айына 12 миң сом төлөп батирде жашайт. Келинчегинин айтымында, спортчунун алган стипендиясы азырынча экөөнө жетет.

Рио-2016: Иззат Артыковдун жубайы: "Иззаттын жеңишин көрүп ыйладым"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
ALATOOLUK.JIGIT
2016-08-10 17:21:02
Ошол жумасына бир эки кун да уйго барбай машыкканында алтынга жетмексин Изат. Аял да кучту сорот.))
-24
Truck
2016-08-10 17:38:25
ALATOOLUK.JIGIT, туура айтасын сорот, тем более мындай боевая аял двойной соротко акен уйу))))
-18
Truck
2016-08-10 17:30:27
Женешкада, женская оор атлетикчи болсо болгудайкен, боеваяго))) супер.инфо, тиги хиджапчан кыз ким?
-12
Nazgul91
2016-08-11 00:50:47
Truck,кантип уялбай жазып жатасын ушул созду
+4
edik.toloikon
2016-08-10 17:42:30
Урматтуу жене Изаттын женишин сиз эле эмес бардык кыргыздар ишенген))
+7
Uhtishka.
2016-08-10 17:50:25
Айиий,ушунча соз кылганды жакшы коросунор э ?Айрыкча эркектер чымчып суйлоп турушунар керек !Уялсанар боло ...Кош бойлуу экен ,салмагына соз тийгизбей эле койгула !
А Иззатты жана уй-булоосун куттуктайбыз ,бул жениш бутундой Кыргызстандын жениши ,ура !
+13
JURNALIST..
2016-08-10 18:00:04
Uhtishka., Чындыкты тамашалап коюшса деле чычалап соз кылбагыла дей берет экенсинерда. Же эмне кучту соргонунар жалганбы?)))

Пы. Сы. Иззат молодец.
-4
Uhtishka.
2016-08-10 18:49:53
JURNALIST..,Эми ошого кеткен кучу менен эле ,учунчу орунду алды дегенинерден айтканым да .
+5
Izdeim_seni.
2016-08-10 17:58:36
Аман эсен коз жарып алыныз.эркекткр ушакчы экенсинер
+9
mahabat.
2016-08-10 17:58:41
батирде жашаса уйлуу болуп жакшы болуптур.
+10
Joki1
2016-08-10 18:12:28
Азамат Изат! Сен токтогулдун эле эмес кыргыз элинин уулусун.
+8
Nurdaulet
2016-08-10 18:15:03
Изат ушунундан тайба!эмки олимпиядада алтын кутобуз)))Аллах сыйлыгындын берекесин берсин апанды оз уйуно алып келип жыргап калат экенсин бул дагы сенин талбай кылган эмгегиндин узуру
+7
bekmaral
2016-08-10 19:11:28
Иззаттын атасы жонундо маалымат берип койсонуздар
0
KGstan1981
2016-08-10 19:58:06
Манасты Манас кылган Каныкей дегендей аялы жакшы экен жолдошун экоонор бактылуу жашагыла.
+2
KaiMak
2016-08-10 20:27:20
Айсулуу дагы алат медаль,карап тургула. Ин Ша Аллах!
+2
aikol87
2016-08-11 00:51:46
Азыр однодон окудум аялы тороптурго?



+1
erikkarakulja
2016-08-11 00:53:02
Азаматсын
0
Arslan12
2016-08-11 02:25:49
Азамат Иззат! Эми мындан да коп ийгиликтерге жет, апаны Россиядан алып келип бактылуу жашагыла, мээнетиндин акыбетин кор!
+2
nasaat
2016-08-11 08:39:05
Баатырдан -баатыр чыгат , Айгерим буюрса кыргыздын намысын коргогон Атасынын, Кыргыз элине Эр азамат уулун жарыкка алып келет.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан