Шармила Иром 2000-жылдан бери жарыялаган ачкачылыгын токтотту

Индиялык Шармила Иром аттуу аял 2000-жылы 28 жашында аскердик мыйзамга каршы ачкачылык жарыялаган. Кечээ, 9-августта ал ачкачылыкты токтотконун Индиянын ММКларына билдирди. Жалпы жонунан 16 жыл демократия үчүн ачка жүргөн айымдын аракети эч кандай натыйжа берген эмес. Мыйзам кабыл алынып, иштеп жатат, мыйзамды Шармила Иромдун ачкачылыгынан эч ким өзгөртүүгө батынган эмес.

Өкмөт аны ар дайым "өзүн өзү өлтүрүүгө аракет кылган" деген жүйө менен кармап кетип, аскердик ооруканага жаткырышып, ал жерден колу-бутун байлап, тамак берип кайра чыгарышчу. Шармила Иром бул аракетинен майнап чыкпай турганын билип, саясатка барарын билдирген. Көптөгөн саясий партиялар ага партияга кошулуу сунушун билдиришкен, бирок Шармила эркин талапкер болорун айтып, сунуштардан баш тартууда.

16 жылдан бери ачкачылык жарыялаган индиялык активист айым оозуна даам алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Arslan12
2016-08-10 17:14:41
16 жыл рекорд го!
+3
anjela500
2016-08-10 17:27:55
Озунун эле ден соолугуна зыян ,тушунбойм ушул ачкачылык жарыялагандарды, мындайча айтканда кому это надо???
0
ALATOOLUK.JIGIT
2016-08-10 17:35:26
Мурдундагы эмнеси?
0
Arslan12
2016-08-10 17:51:44
ALATOOLUK.JIGIT,Ошонусу менен тамактанат окшойт да!
+1
Uhtishka.
2016-08-10 17:55:40
ALATOOLUK.JIGIT,Зонд мурдунан ашказанына салып койгон менимче ,ошол аркылуу тамактантып жургон мажбурлап .
0
uluk92kg
2016-08-12 00:32:33
войеный адамдар кармап ал аялга тамак берип салчуу екен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан