SUPER.KG порталынан "Элдик видео" бөлүмүнө "Бул дүйнөдө да боорукердик жана адамгерчилик бар экен. Ар бирибизге сабак" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Epke).
Видеодон стадиондо чуркап жарышып баратышкан Даун илдети менен төрөлгөн өспүрүм балдарды көрүүгө болот. Алардын арасынан кокусунан бирөө жыгылып түшөт. Ошондо башкасы келип жардам колун сунуп, андан соң баары чогуу кол алыша чуркап кетишет. Дүйнөдө боорукер адамдар, адамгерчилик бар экенин көрсөткөн видео көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулай турганы шексиз.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.