Кыргыз жергесинде үстүбүздөгү жылдын 1-январынан бери кант диабети менен 50 миң адам катталган. Алардын ичинен 1821и кант диабетинин 1-түрү, 48 805и 2-түрү менен оорушса, 331и кичинекей балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 10-августта билдирди.
"Алардын 12 654ү Бишкек шаарында катталса, Чүйдө 8438, Жалал-Абадда 7945, Ошто 7124, Ысык-Көлдө 3934, Баткенде 2820, Нарында 2106 жана Таласта 1774. Инсулин менен дарланууга 16 693ү муктаж. Диабетке каршы дарылар Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан тендер аркылуу Дүйнөлүк банктын процедуралары аркылуу сатылып алынат. 2016-жылы 109 миллион сом бөлүнүп, тендер өттү. Учурда бардык бейтаптар инсулин менен камсыздалышты" , - деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары Каржы министрлиги инсулин шприцтери үчүн 60 миллион сом бөлгөнү маалым болду. Тендердик процедуралар өткөрүлүп, Дүйнөлүк банктын макулдугун алып, шприцтерди алып келүү керектиги маалым болду.