Олимпиада оюндарында коло медаль уткан спортчу Иззат Артыков жана оор атлетика боюнча улуттук курамдын машыктыруучусу Үсөн Майназаров кыргыз эли менен жеңиш кубанычын тең бөлүштү. Алар бул ийгиликтин артында көптөгөн эмгек жатканын белгилешип, элге, машыктыруучуларга, спорт ишмерлерине рахмат айтышты.
Кошумчалай кетсек, Иззат Артыков 10-август күнү эртең менен "Рио-де-Жанейро-2016" Олимпиадасынын алкагында 69 килограмм салмакта коло медаль тагынган. Муну менен ал эгемендүү өлкөбүздүн 25 жылдык тарыхында Олимпиадада медаль алган төртүнчү спортчу болуп калды (тизме). Ага 3,5 миллион сом, 2 батир жана 1 автоунаа убадаланган.