Быйыл өлкөдө негизги капиталга өздөштүрүлгөн инвестициянын көлөмү 47 миллиард сомду түздү

2016-жылдын январь-июль айларында негизги капиталга инвестициянын көлөмүнүн өсүүсү белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, негизги капиталга өздөштүрүлгөн инвестициянын көлөмү 2016-жылдын январь-июль аралыгында 47 миллиард сомду түзүп, 2015-жылдын ушул эле айларына салыштырмалуу 4,1 пайызга көбөйдү.

"Муну менен бирге ички булактардын эсебинен каржыланган инвестициялар 11,7 пайызга көбөйдү, тышкы булактардын эсебинен, тескерисинче, 20,4 пайызга кыскарды", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары мекеме үстүбүздөгү жылдын январь-июль аралыгында 420 миң чарчы метр жеке турак жай пайдаланууга берилгенин баса белгилеп, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу бир пайызга көп экенин маалымдады.

"Негизги көлөмү (инвестициянын жалпы көлөмүнүн 82 пайызы) пайдалуу кендерди казуу, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоого (жабдуу), транспорт ишмердиги, билим берүү жана турак жай объекттеринин курулушуна багытталган", - деп билдирет Улуттук статистика комитети.

Негизги капитал (же негизги фонддор) - өндүрүүдө бир канча жолу колдонулган эмгек каражаттары.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан