II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган почта маркаларынын сериялары жүгүртүүгө киргизилди. Бул тууралуу аталган оюндардын басма сөз кызматы бүгүн, 11-августта маалымдады.
Спорттун үч түрүнө арналган 50 сом, 100 сом жана 150 сом номиналындагы маркаларда чабандестердин күрөшү (эр эңиш), атчан жаа атуу жана өрт жалындаган чабандес чагылдырылган. Маркалар жалпысынан 216 миң нускада басылган, алардын автору - Виталий Погольша.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган тематикалык почта маркалары Кыргыз Республикасынын “Kyrgyz Eхpress Post” почта бөлүмдөрүндө ушул жылдын 8-августунан тартып сатыкка коюла баштады. Аларды Бүткүл дүйнөлүк почта биримдигинин бардык өлкөлөрүндөгү каттардын почта карточкаларынын төлөмдөрүндө колдонсо болот.
Белгилей кетсек, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үстүбүздөгү жылдын 3-8-сентябрында Ысык-Көлдө өтөт.