SUPER.KG порталынан "Элдик видео" бөлүмүнө "Көчмөн болуу үчүн төрөлгөндөр" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Chingiz_kg).
"Моя планета" долбоорунун алкагында тартылган видеодо орусиялык Андрей Понкратовдун жергебизге келип, кыргыздардын көчмөн жашоосу менен кенен таанышканы көрсөтүлөт. Алып баруучу 3 жашынан тарта "Манас" айтып келе жаткан Үмөт Дөөлөтов жашаган үйгө барып, анын "Манас" айтканын угуп, муюп отурат. Андан соң мал базарга барып, андагы элдин кызыктуу соодалашуусуна күбө болот. Понкратовдун "Кыргыз жери - чыныгы көчмөндөр менен таанышуу жана өзүң да көчмөнгө айлана турган дүйнөдөгү чанда кездешкен жерлердин бири. Бул жакка саякаттоо үчүн сөзсүз келгиле!" деп, андан соң кыргызча "Жакшы калгыла!" деген коштошуусунан кийин көрсөтүү соңуна чыгат.
Караколдун ашлянфусунан даам сызган Андрей Понкратов дагы кандай кызыктарга туш болгонун, Кыргыз жери кандай сезимдер калтырганын видеодон толугу менен көрүңүз.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.