Бүгүн, 11-августта Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз жаштарынын I Дүйнөлүк курултайынын расмий ачылышы болуп өттү. Уюштуруучулар “Өнүгүүнүн башатында турган коомду эгемен өлкөдө төрөлгөн жаштар кыймылга келтиришет” деген ураан астында иш-чараны башташты.
Курултай Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни менен ачылып, "Манас" эпосунун үзүндүсү менен уланды. Алгачкы сөз Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Садык Шер-Ниязга берилди. Ал: “Бул курултайдан, жаштардан жакшы сунуштарды, долбоорлорду күтөбүз. Жогорку Кеңеш аларды колдоп берет”, - деп айтты. Андан соң КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткарып жаткан Түгөлбай Казаков вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиеванын куттуктоо катын окуп берип, өз сөзүн сүйлөдү. Ошондой эле Алматы шаарындагы КРнын башкы консулу Алиясбек Алымкулов, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев жана Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакыт Эгембердиев сөз сүйлөп, курултай өз максатына жетишине тилектеш экенин айтышты. Аталган иш-чаранын башкы демөөрчүсү, Эл аралык “Саякбай манасчы” фондунун президенти Саматбек Ибраев кыргыз жаштары ынтымакка келиши керектигин, Манас баатыр 14 жашында хан шайланганын айтып, жаштар мамлекеттин келечеги экенин кошумчалады.
“Kyrgyz Union” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү жана курултайдын уюштуруучусу Талгат Молдалиев, коомдук бирикменин мүчөлөрү Эрик Абдыкалыков, Марсел Ажиев иш-чаранын максаттарын жана аткарылчу иштерди айтып берип, иш-чара соңуна чыкты.
Эми курултайдын негизги бөлүгү Ысык-Көл облусунун Тосор айылында өтөт. Ал жалпысынан 4 күнгө созулуп, анын алкагында спорт жана маданият тармагындагы актуалдуу жана курч маселелер талкууланат.