Патрулдук милиция кызматына 65 унаа сатылып алынат. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, унаа сатып алуу үчүн 5 компания тендерге катышкан. Жыйынтыгында тендер комиссиясы "Азия Моторс" компаниясын жеңүүчү деп тапкан. Өлкөгө алынып келинүүчү унаалар 2016-жылы чыгарылган Renault Logan үлгүсүндөгү жана кыймылдаткычынын көлөмү 1,6 куб сантиметрди түзөт.
Унаалар алынып келинсе, өлкө боюнча таркатылат. Бул кадам милициянын ишин жакшыртып, калктын коопсуздугу үчүн жасалып жаткан аракеттер. Жалпысынан 65 унаага 36 миллион сом жумшалмакчы.
Ал эми Мамлекеттик сатып алуулар департаменти тендердин жеңүүчүсүн аныктоо учурунда мыйзам бузуулар катталбаганын билдирет.