"Жалал-Абад электр" ачык акционердик коому электр энергиясы үчүн 6 айда 776 миллион 610 000 сом чогултту. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта SUPER.KG "Жалал-Абад электр" ачык акционердик коомунун басма сөз катчысы Жыпариза Үмөталиева билдирди.
Маалыматка ылайык, чогултулган каражат пландалган 100 пайыздык чендин 99,3 пайызына жеткен.
"Жалал-Абад электр" план боюнча 6 ай ичинде 781 миллион 856 000 сом акча чогултуш керек болгон. Бирок бюджеттик мекемелердин жана “Электросила” жоопкерчилиги чектелген коомунун төлөмдөрү өз убагында төлөбөгөндүктөн, пайыздык көрсөткүч планга жеткен эмес", - деп кошумчалады Үмөталиева.
Маалым болгондой, калктын дебитордук карызы жыл башында 132 миллион 560 836 сом болсо, бүгүнкү күндө ал көрсөткүч 122 миллион 635 765 сом болгон.