СУПЕРСТАН: "Акчасы жоктор депрессиядан кантип чыкса болот?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Акчасы жоктор депрессиядан кантип чыкса болот?" деген тема талкууга алынууда.

Теманы ачкан колдонуучунун суроосу:

"Депрессиядан чыгуунун жолдору интернетте толуп турат. Бирок анда "шоппинг кыл, шоколад же" демейлер экен. Акчасы жоктор кантип чыгышат? Шоппинг тургай шоколадга жете турган акчаң жок болсочу? Депрессия деген немең акчаң бары-жогуна карабайт турбайбы. Же акчалуулар гана чыгып, акчасыздар кала беришеби?"

Темага калтырылган жооптор:

"Өлүмдөн башка бардык нерсенин айласын табууга болот дешет эмеспи. Сиз да кол куушуруп отуруп калбаңыз, бир барак алып колуңуздан кандай иш келсе баарын варианты менен жазып чыгыңыз. Мүмкүн, бул варианттардын ичинен сизге кошумча пайда алып келүүчү жумуш табылып калар. Өз жашооңузду өзүңүз колго албасаңыз, жашоо өзү сизди каалаган тарабына ыргытуусу мүмкүн. Ошондуктан күчүңүздүн барынча аракет кыла бериңиз, чалынып жыгылсаңыз ошол бойдон токтоп калбай, кайра туруп тырмыша бериңиз. Мына ошондо чыныгы ийгиликти жарата аласыз. Депрессиядан чыгуу үчүн белгилүү инсандардын, алсак, көп ийгиликтерге жетишкен адамдардын өмүр баянын же психологиялык китептерин окуңуз. Байкасаңыз, алардын көпчүлүгү жөнөкөй эле адам болуп жарык дүйнөгө келишкен, бирок талбай изденүүнүн, аракетчилдиктеринин айынан ушундай даражага жетишип отурушат".

"Акчаң жокто өзүңүздү бир аз алаксытуу үчүн шарпылдап аккан сууга чайканыңыз, бардык жаман ойлоруңузду сууга агызыңыз. Бир аз эс алган соң жумуш издеп, ишке орношуп, акча табыңыз. Баары жакшы болот, өмүрдө жакшы, жаман күндөр көп. Агын суу баарын тазалайт".

"Акчасы жоктор депрессияга көп кабылышпайт. Депрессия көпчүлүк учурда ошол акчанын айынан чыгат. Айылда жүрсөң рахат, шаарга келсең рахаттан дайын жок. Эмне үчүн? Анткени шаарда жашаш үчүн акча керек. Баланчадан карыз сурайын десең мурдагы карызын бере элексиң, түкүнчөдөн карызыңды доолайын десең ал таптырбай жүрөт. Үчүнчүдөн сурайын десең, ал сенден сураганы келген. Кечинде батирге барсаң ээси акчасын күтүп, кайтарып отурат. Эки күндөн кийин сүйлөшкөн кызыңдын туулган күнү. Кураторуң болсо издеп жүрөт "окуудан чыгарып салам" деп. Жадакалса акыркы калган байпагыңдын бармагы жыртылып калган. Анан "Кош кел, депрессия!" дейсиң. Ушундан көрө айылга барып кой кайтарып жүрө берсемби деп ойлойсуң".

"Уйкуну азайт. Таң эрте туруп, көчөгө чыгып ырыскыңды изде, форумдан, интернеттен акча чыкпайт. Мээнет менен эгин эгип, дыйкан бол. Мал бак, түшүмү шыр кетчү бак тигип, багбан болуп рахаттан, акыбети - түбөлүктүү акча. Ширетүүчү бол, окуп же үйрөнүп унаа менен жүк ташы, курулушта иште - акча. Мээнетсиз акча болбойт. Азыр дени-карды соо жигит "акчам жок" десе, жарашпаган уят заман. Акчаны ойлоордон мурун кирешелүү, туруктуу кесип керек. Өнөрүң менен жан үрөп эмгектенсең акча өзү артыңдан издеп калат. Эгер ойлогон оюң, сүйлөгөн сөзүң акча болсо, анда түбөлүк депрессиядан чыкпайсың. Акчанын ордун тургузуп, план менен алгылыктуу пайдалансаң акча маселеси жаралбайт. Акча тапкан менен, эсебин таба албасаң, бириң эки болбой, акча ойдон кетпей же ойдогу акчага жетпей жүрө бересиң".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Marianna77
2016-08-11 17:32:41
Депрессиядан чыгуу бир гана кудай жардам бере алат. Бар нерсеге шугур кылып,жокко канаат кылуу керек деп ойлойм.
+6
Мэри
2016-08-11 20:57:45
Жакшы суроо коюлуптур, жооптор да кызыктуу экен...
0
barakcha
2016-08-12 10:05:28
Мм..депрессия!!!((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан