Өкмөт сентябрь айында Чоң Памир жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева бүгүн, 11-августта өткөргөн жыйында белгилүү болгонун өкмөттөн кабарлашты.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругуна ылайык, Чоң Памир жана Кичи Памирде жашап, кыйынчылыктарга кабылган этникалык кыргыздарга азык-түлүк, дары-дармек жана башка күнүмдүк керектелчү товарлар гуманитардык жардам иретинде жеткирилет.
Учурда чек арадагы Пянж дарыясында суунун деңгээлинин жогорулашына байланыштуу андан унаа менен өтүү, жүктөрдү жеткирүү мүмкүн эмес. Ушул жылдын сентябрь айында суунун деңгээлинин азайышы күтүлүүдө. Ага 22 адам катышат, арасында медицина кызматкерлери да бар. Алар аталган жайда жашаган кыргыздарды медициналык текшерүүдөн өткөрүшөт. Гуманитардык жардамды жеткирүү үчүн өкмөттөн 10 миллион сом бөлүнгөн.
Белгилей кетсек, Ооганстандын Чоң Памир жана Кичи Памиринде 1500гө жакын этникалык кыргыздар жашашат.