Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев студенттер шаарчасындагы жаңы көпүрөнүн курулушу менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүнкү күндө Насирдин Исанов жана Ленин көчөлөрүн бириктирип турган көпүрөнүн курулуш иштеринин 70 пайызы жыйынтыкталган.
"Жаңы көпүрөнүн курулушунун акыркы иштери калды. 25-августта толугу менен бүтүп, өлкөнүн эгемендүүлүк күнүндө пайдаланууга тапшырабыз. Мындан сырткары Түштүк-Чыгыш кичи районундагы “Жеңиш” багы пайдаланууга берилет”, - деп билдирди Кадырбаев.
Белгилүү болгондой, курулуш иштери “Сутранспромжилстрой” компаниясы тарабынан жүргүзүлүүдө. Жалпы сметалык баасы 73 миллион сом. Ал эми тендердик баасы 43,6 миллион сомду түзгөн. Көпүрөнүн узундугу 36, туурасы 22 метр. Көпүрө Курманжан датка, Туран жана Достук аймактык кеңешин, Төлөйкөн айыл аймагын бириктирип турат.