Ала-Букада 14 миллион сомдук Маданият үйүнүн курулушу башталат

Ала-Бука районунун 1-Май айыл аймагында 14 миллион сомдук Маданият үйүнүн курулушу сентябрь айында башталат. Бул тууралуу бүгүн, 11-августта SUPER.KG порталына 1-Май айыл аймагынын башчысы Муктар Шербаев билдирди.

"Чаткал, Аксы, Ала-Бука райондору боюнча сынак болуп, курулуш иши боюнча биздин айыл аймак жеңип алды. Маданият үйү Ажек айылына курулат. Анын курулушуна 32 сотук жер бөлүп бердик", - деди Шербаев.

Маданият үйү 260 орунга ылайыкташып, 2 кабаттуу болуп курулат. 2-кабатына атайын бий залы орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kuba502
2016-08-11 21:47:21
Сонун жанылык экен.Ажектиктерге ийгилик
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан