ЖЫЛНААМА, 12-АВГУСТ: "Өздүк майрамды белгилөөгө маанай жок" дейт ырчы Роза Шакирова

Көпчүлүккө "Карабачы", "Үйлөнүү той", "Алдым ыйлап" жана башка ырлары менен белгилүү болгон Роза Шакирова бүгүн, 12-августта 38-туулган күнүн белгилеп жатат. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыксак, ыраазычылыгын билдирип, акыркы жылдары өздүк майрамын шаңдуу өткөрбөй жатканын айтты.

"Жашым өтүп жатат деп бир аз капаланып жатамбы билбейм, эмнегедир майрамдоого маанай жок. Азыр маанайымды көтөрүү үчүн дүкөн кыдырып жүрөм. Жакын дос-туугандардан куттуктоолор келип жатат. Азырынча кайсы жерде белгилей турганым белгисиз, пландай элекмин", - дейт ырчы.

"Канчага чыктың?" деген суроого жашымды айткым келбейт. Былтыр үйдө отурсам, жолдошум келип тамактанып келели деп калды. Ал айткан жакка барсак, дос-курбуларыбыз да чогулуп отурушуптур. Быйыл жолдошум куттуктаганы менен, кайсы жакка барарыбызды айткан жок. Мүмкүн, азырынча сыр тутуп жаткандыр", - деп билдирди Роза Шакирова.

12-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Bema50000
2016-08-12 12:24:56
Эмне болуп кетти деп коркуп кетсе деги. Баарыбыз эле картаябыз анын эмнеси бар.
+4
altyn2015
2016-08-12 12:32:20
Туулган кунунуз кут болсун!
+3
zhykyo
2016-08-12 13:00:42
Жагат мага ырдаганы унунон сенин жаныртып алып угам да
+2
Nurkyz1977
2016-08-12 14:56:59
Эч кандай жасалмалуулугу жок уну да сонун чыныгы талантуу айым туулган кунун менен чын журоктон куттуктайм!
+3
aikol87
2016-08-12 16:24:33
Туулган кунунуз менен бактылуу болун.
+1
Guli000
2016-08-12 19:32:59
Туулган кунунуз кут болсун жердешка эжешка ))
0
TAYNAYA
2016-08-12 19:58:47
Ар кайсыл мезгилдин озуно жараша жыргалы бар демекчи ар кайсыл курактын да жыргалы бар, кут болсун туулган кунунуз. Коп жашаныз.
+1
yakutiya-Mirnyi
2016-08-14 09:11:43
Шакировтордун семьясыдан Айдаркендик туугандардан салам и поздравления эже!
0
abde-7082
2016-10-01 22:25:10
кут болсун туулган кунунуз. Коп жашаныз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан