Мамлекеттик салык кызматы август айынын биринчи жумасында ЕАЭБ өлкөлөрүнөн товарларды ташып кирүүдө мыйзам бузган 5 фактыны аныктады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы 12-августта кабарлады.
Маалым болгондой, Ысык-Ата районундагы “Ак-Тилек” өткөрмө пунктунан жүк ташуучу унаанын айдоочулары С.Н.Свиридов жана А.Марасулов унаа салыгын төлөшпөстөн, унаа каражаты менен эл аралык жүк ташууга ыктыярдуу патенттери жок жүк ташуучу унааны башкарып келе жатышкан.
Аламүдүн районундагы “Ак-Жол” өткөрмө пунктунан жүк ташуучу унаанын айдоочулары
А.Д.Бейшенкуловдо жана К.Т. Мусаевде да жүк ташуу кызматына ыктыярдуу патенттеринин жок экени аныкталган.
Манас районунун “Чоң-Капка” көзөмөл-өткөрмө пункту аркылуу А.А.Шайназаров аттуу жаран унаа салыгын төлөбөй туруп эл керектөөчү товарларды ташып өткөн.