Акыркы 5 жылда өлкө мигранттарынын саны өскөн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Алмазбек Асанбаев журналисттерге берген маалымат жыйынында билдирди.
"Орусиянын маалымат каражаттарынын Кыргыз Республикасынан сыртка чыгып иштеген мигранттар көбөйүп жатат дегенине кошулбайм. Акыркы 5 жыл ичинде өлкөбүздүн мигранттары өскөн эмес. Кыргыз Республикасынын жарандарынын көбү Казакстан, Орусияда эмгектенишет. Ал эми 119 миң адамды "кара тизмеден" чыгаруу боюнча президент Атамбаев Орусиянын президентине кат жиберди. Жооп күтүп жатабыз", - деп кошумчалады Асанбаев.
Маалым болгондой, 2014-жылы мигранттардан 2 миллиард 235 миллион сом, 2015-жылы мигранттардан 1 миллиард 600 миллион АКШ доллары которулган.
"Чет элге чыккан жарандарыбыз өлкөнүн бардык аймактарына чыгып иштей алышат. Жарандарыбыздын кесиптик өнөрү, жогорку билими болсо, жакшы жумуш табууга шарттар бар. Ошондой эле тил билген жарандарыбыз да четте калышпайт", - деп кошумчалады Асанбаев.
Маалым болгондой, миграциялык агым алгач 1990-жылдарда башталган. Ал эми 2005-2010-жылдар аралыгында өлкөдөгү саясий туруксуздуктан улам жарандардын чет өлкөгө чыгуусу көбөйгөн.