Ош шаарында 6 жылдан бери Июнь окуясынан жабыркагандар мыйзамсыз жашап келе жаткан “Жаштык” лагери толугу менен бошотулуп, кайрадан ишке кирди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бир катар мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте аталган лагерди текшерип, эс алууга келген балдар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып кайтты. Белгилүү болгондой, учурда лагердин бир бөлүгү гана оңдолгон, кийинки жылдан тарта толугу менен ишке кирмекчи.
“Кандайдыр бир себептер менен лагерде Ош шаарынын жарандары 2010-жылдын Июнь айынан тарта жашап келе жатышкан. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, башка жакка көчүрүлгөндөн кийин балдардын эс алуусуна кам көрө баштадык. Быйыл аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, кароосуз калган балдардан 25 бала жаңы окуу жылына жакын бир жума эс алат. Учурда шарттарды көрүп чыктык. Ал эми кийинки жылдан тарта реконструкция иштерин жүргүзгөн соң, 220 баланын бир жумада эс алып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ошондо жайкы эс алуу учурунда 2 миңге чукул бала лагерде эс алат”, - деди А.Кадырбаев.
Белгилей кетсек, 2010-жылдан тарта "Жаштык" лагеринде Июнь окуясынан жабыр тарткан 11 үй-бүлө мыйзамсыз жашап келген. Үстүбүздөгү жылдын 19-июль күнү өкмөттүн тапшырмасынын негизинде Ош шаарынын мэриясы тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алар Курманжан датка-2 аймактык кеңешине караштуу Алай-1 массивине көчүрүлгөн. Азыркы тапта 8 үй-бүлөгө жер бөлүнүп берилди.