ЖЫЛНААМА, 12-АВГУСТ: "Даңазалуу доор" сериалы аркылуу атактуу болгон Мерьем Узерли 33 жашка толду

Бүгүн, 12-августта бүткүл дүйнөгө "Даңазалуу доор" сериалынан кийин болуп көрбөгөндөй атактуулукка жетишкен Мерьем Узерли 33 жашка толду.

Актриса Германиянын Кассель шаарында төрөлгөн. Атасы Хусейн Узерли түрк улутунан болсо, энеси Урсула Узерли немис кызы болгон. Мерьем искусство адамы болууга эч качан умтулган эмес. Бирок ал орто мектепти аяктап, Гамбургдагы актёрлук окуу жайга тапшырууну чечет. Үч жыл билим алгандан кийин өз өнөрүн сынап көрмөккө театрга ишке орношкон. Ал жактагы иши өзү ойлогондой чыкпай, дайыма экинчи пландагы ролдорду гана аткарып, актрисанын бир нече убакыт депрессия абалында жүргөнү айтылат. "Даңазалуу доор" сериалында Сулейман султандын сүйүктүү жары, кумарлуу Хүрремдин ролу Мерьем Узерлиге атактуулук алып келген.

Актриса 2014-жылы кыздуу болуп, наристесине Лара деген ысым ыйгарган. Ларанын атасы - түркиялык жеке ишкер Жан Атеш. Тилекке каршы, Мерьем кош бойлуу экенин билген Жан актрисага үйлөнүүдөн баш тартып, бирок балага аталык милдетин аткарарын билдирген. Ошол учурда психологиялык жактан катуу чарчагандыктан "Даңазалуу доор" сериалынан кетүүгө аргасыз болгонун актриса кийин маалымдаган.

Жакында эле актриса көптөн бери көпчүлүктөн жашырып келген сүйүктүүсүн ачыкка чыгарган. Ал сүйүктүүсү ишкер Альп Озжан жана кызы менен сейилдеп жүргөндөгү сүрөттөрүн Инстаграмдагы жеке баракчасына жүктөгөн. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, Узерли тасмага тартылып жатканда жеке жашоосу тууралуу айтпоого келишимге кол койгон. "Сүйүктүүсүн ачыкка чыгарганына караганда үлпөт той да алыс эмес көрүнөт" дешет чет элдик басылмалар.

12-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
fly2010
2016-08-12 15:38:21
Кинодо ушунчалык жакшы аткарган озунун ролун бирок бироону коро албагандыгы жакпайт. Жашоодо кандай экен омуру узун болсун. Жакшы кинолорду жарата берсин.
+4
nastinbaba89
2016-08-12 16:50:48
Мимикалары жагатта коз караштарын бут жайына койот актриса ушундай болуш к.к
+2
ofcourse
2016-08-12 17:33:24
Uwu aktrisa ayagyna cheyn oynoso sonun bolmok nurbanu eko kinonun korkun achmak...))
+3
Medina87
2016-08-12 22:30:27
Мерьем Хюрремди аягына чейин аткарбагандыктан Даназалуу доорду корбой койгонмун учурунда.
Бирок арадан 2жыл откоруп аягына чейин коруп бутурдум айтор.
Мерьемге Кудай бактысын, узун омур жашын, ийгиликтерин аябасын!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан