Нарын облусунда "Жүрөктөн жүрөккө" аталышындагы кайрымдуулук акциясы өттү. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кайрымдуулук акциясына Нарын облусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 500 бала чакырылган. Аларга макарон, ун, өсүмдүк майы, чай, күрүч, шекер таратылды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын өкүлү Садыбакас Долоев катышты. Салтанаттын соңунда концерттик программа тартууланып, балдарга таттуулар берилди.
Белгилей кетсек, акыркы 2 жылда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн өлкө боюнча 12 борбор ачылган.