Таш-Көмүр шаарында 1 гектардан ашык жердеги кара куурайлар өрттөлдү

Таш-Көмүр шаарына караштуу жол четиндеги 1 гектар 20 сотук жапайы кара куурай өрттөлдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баңгизаттарга каршы программасын ишке ашыруу максатында атайын рейд жүргүзүлгөн. Иш-чаранын жүрүшүндө Шамалды-Сай, Теңдик, Кызыл-Алма, Кашкулак айылдарындагы жол четиндеги кара куурайлар жок кылынган.

"Таш-Көмүр ШИИБинин баңгизатка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана Таш-Көмүр шаарынын мэриясы менен жүргүзүлгөн иш-аракеттин негизинде жапайы кара куурайларды жок кылдык. Бул рейддин жүрүшүнө айыл башчылары, аймактык инспекторлор катышты", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
CHORO.66
2016-08-12 15:28:39
Жакшы иш кылыпсынар.Менин айылым.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан