Казакстанда Apple жана Google электрондук кызматтарына кошумча нарк салыгын киргизүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Казакстандын Каржы министрлигинин Мамлекеттик кирешелер комитетинин башчысы Даулет Ергожин жергиликтүү маалымат булактарына билдирди.
Маалыматка ылайык, нарк салыгы интернет-компаниялардан алынган программалык камсыздоо, тасмалар, компьютер оюндары, музыка, китептер сыяктуу контенттерге тиешелүү болот.
Даулет Ергожиндин айтымында, аталган платформалар аркылуу ишке ашырылган соода операцияларынын көлөмү кыйла чоң жана мамлекет андан бюджетке киреше алышы керек. Ал компания өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү күзүндө өткөрүү пландалып жатканын кошумчалады.
Чет өлкөлүк интернет-компаниялар тарабынан электрондук кызматтарга кошумча нарк салыгын киргизүү тууралуу мыйзам долбоору жактырылган.
"Ушул жылдын күзүндө "Apple" жана "Google" компанияларына байланышкан салык төлөмдөрүн кароо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин карайбыз. Биз учурда маселени карап чыгып, анализдеп, сентябрь айында компаниянын өкүлдөрү менен биргеликте тегерек стол өткөрөбүз", - деп билдирди Ергожин.