Транспорт жана жол министри Замирбек Айдаров Бишкек-Балыкчы жолунун курулушунда кемчиликтер бар экенин жылдын 6 айлык жыйынтыгын чыгаруучу отурумда айтып чыккан.
Анын айтымында, Бишкек-Балыкчы жолунда бир нече суу өтүүчү түтүктөр коюлган эмес. Мындан улам жамгырлуу аба ырайында жолго суу толуп, топтолгон суунун көлөмү 2,5-3 кубга жетип, жол жүрүүдө айдоочуларга ыңгайсыздык жаралган.
"Бишкек-Балыкчы жолунун 136, 137, 139-чакырымдарында суу өтүүчү түтүктөр орнотулган эмес. Ал эми төрт жерге эски түтүктөр коюлган. Бул кимдин күнөөсү?" - деген суроо салган Айдаров.
Белгилей кетсек, Бишкек-Балыкчы жолунун курулушун Кытай өлкөсүнүн "China Road and Bridge Corporation" компаниясы курган.
"Бүгүнкү күндө Бишкек-Балыкчы жолунун курулушундагы катачылыктарды тактоо жана кайра калыбына келтирүү боюнча атайын комиссия түзүлүп иштей баштады. Жакынкы аралыкта иретке келтирүү иштери башталат", - деп кошумчалады министрликтин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов.
Жыйында министрликтин 12 кызматкерине тартипке чакыруу чарасы көрүлүп, алардын ичинен 8 кызматкерге сөгүш жарыяланып, 4 кызматкерге эскертүү берилгени маалым болду. Министр кызматкерлеринин компьютерде карта ойноп отурушуна жол бербесин, мындан ары алардан ай сайын жазуу түрүндө отчёт алып турарын белгилеген.