SUPER.KG порталынан "Элдик видео" бөлүмүнө "Чыныгы кыргыз бийи" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Latyshka). Видеодон көлдүн жээгинде жаш жигиттин кыргыз бийин бийлеп жатканын көрүүгө болот. Видеонун каарманы Улан Үсөйүн SUPER.KG`ге видео 2014-жылы тартылганын айтат. "Бир жолу Ысык-Көлдүн Барскоон айылына клип тартып барып калдык. Ошол учурда ушул бийди бийлегем, ал эми клипке бир нече секундадагы кадрлар кошулган. Видео кечке маал кыска убакытта эле тартылган. Анда байыркы кыргыз бийин бийлегем, бирок андан айырмасы - бат кыймылдаганым", - деп билдирди У.Үсөйүн.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.