Орусиянын Федералдык монополияга каршы кызматы "Google" компаниясына "Атаандаштыкты коргоо" мыйзамын бузгандыгы үчүн 6 миллион 800 миң доллар айып салды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазып чыкты.
Федералдык монополияга каршы кызматынан билдиришкенине караганда, айыптын өлчөмү Google Play'де сатылган тиркемелердин санына жараша эсептелген. Америкалык интернет-гигант кызматтын чечимин иликтеп, андан аркы аракеттерин көрүшөрүн билдирген.
Өткөн жылы орусиялык Yandex издөөчүсүнүн арызынан кийин Федералдык монополияга каршы кызматы Google Android системинде иштеген телефондордун ээлерин өзүнүн тиркемелерин коюуну талап кылганы үчүн орусиялык мыйзамды бузууда деген чечимин чыгарган. Ошондой эле Монополияга каршы кызматы ал телефондордо башка түзүүчүлөрдүн тиркемелерин орнотуу мүмкүн эместигин белгилешкен.