Аламүдүн районунун Октябрь айыл аймагында аймактык милиция бөлүмүнүн ачылыш аземи өткөрүлдү

Аламүдүн районунун Октябрь айыл аймагында аймактык милиция бөлүмүнүн ачылыш аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аймактык милиция бөлүмүнүн ачылыш аземине ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Канат Жумагазиев, район акими Замирдин Жумашев жана айыл тургундары катышты.

Маалыматка ылайык, курулушту курууда Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизатына каршы күрөшүү кызматы Ички иштер министрлиги менен биргеликте иш жүргүзгөн.

"Жаңы курулган милиция бөлүмү 25 миң калктын коопсуздугун тейлейт. Мында жарандарды кабыл алуу, аймактык милициянын иш бөлмөсү, жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча адис, Коомдук жана алдын алуу борборунун иш бөлмөлөрү иштейт", - деп кошумчалады басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан