Ош менен Бишкекте куруучулардын кесиптик майрамы белгиленди

Ош менен Бишкек шаарларында куруучулардын майрамы белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта аталган шаарлардын мэрияларынын басма сөз кызматтары билдиришти.

Ош шаарында куруучулардын майрамдык салтанатына биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров катышты. Мындан сырткары салтанат ээлери - архитекторлор, куруучулар жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери да катышты. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылы Ош шаарында жалпысынан жергиликтүү бюджеттин эсебинен 28 курулуш объектисин куруу пландаштырылган. Маалым болгондой, бул жылы куруучулардын 25 жылдыгы уюштурулду.

Куруучулардын майрамына шаар мэри Айтмамат Кадырбаев куттуктоо катын жиберген. Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга кошкон салымы үчүн 20га чукул мекеме-ишканалардын кызматкерлери грамоталар жана алкыш баракчалары менен сыйланышты.

Ал эми Бишкектин мэри Албек Ибраимов куруучуларды куттуктап, өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Ардак грамоталарын тапшырып, жумуштарына ийгилик жана бекем ден соолук каалады. "Куруучулар - булар жаратуучулар. Мен бул кесипти сыйлайм. Силердин эмгек - Бишкек шаарынын өсүп-өнүгүшүнө эң чоң салым. Биргеликте шаарыбызды көрктүү жана жайлуу кылышыбыз керек", - деди Ибраимов.

Салтанаттуу иш-чарага вице-мэрлер Бакытбек Дүйшөмбиев жана Геннадий Милицкий, Бишкек башкы архитектурасынын жетекчиси Бактыбек Абдиев жана курулуш тармагындагы кызматкерлер катышышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан