СУПЕРСТАН: "Балдар байпакты туш келди ыргытып, кайра издей беришет"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздар жана балдардын адаттары" деген тема талкууга алынууда.

Теманы ачкан колдонуучунун суроосу:

"Кыздар жана балдардын өздөрүнө тиешелүү ар кандай адаттары бар, кээ бири такыр орунсуз болуп кыжырды келтирет. Четтен караганда ашыкча, керексиз адаттарды таштаса болобу? Ар бирибиз өзүбүздүн жана башкалардын адаттарын айталы".

Темага калтырылган жооптор:

"Биринчи кыздардан баштасак:

- Чач байлагыч жок болсо, колго тийген нерсе менен беките беришет.

- Суроону укса да кайрадан сурай беришет.

- Кубат берүүчү каражатты розеткадан суурубай калтырып коюшат.

- Сыртка чыгарда күзгүдөн бир каранып, анан чыгышат.

- Көчөдө тонировка айнектерге карана беришет.

- Кыздар көчөдө баратып жок дегенде төрт-беш ирет көкүрөк таккычын түздөшөт.

- Кыздар чачын сылап жатып бир күндө төрт-беш ирет чачын түшүрүп, аны ороп-ороп бир кычыкка тыгат же сумкасына салышат...

Балдар:

- Байпакты туш келген жактарга ыргытып, издей беришет.

- Ачка болсо тамак жасаштан мурда кыялданып жата беришет же сыйкырчыны күтүшөбү...

- Футболка, майкасын чечип жүрө беришет.

- Балдар жолдо баратып жок дегенде үч-төрт ирет кыздардын көкүрөгүнө көз жүгүртүшөт".

"Кыздар өздөрүн ар дайым жакшы карап жүргөнгө аракет кылышат. Балдар көчөдө баратып же бирөө менен сүйлөшүп турган жеринде балчайтып түкүрүнө беришет, бул адаттары эч жакпайт. Адамдын көӊүлүн айланткан эӊ жаман адат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Arslan12
2016-08-14 09:37:07
Байпакты меникин озунукун ордуна алып барат бироо уйроткондой
0
Sekon
2016-08-14 09:45:38
Бул тема мурун еле талкуланып буткон
0
Frunze74
2016-08-14 10:10:15
Бирок туура айтылыптыр, баарынан да кокурок тарткычын кочодо туздогон кыздар менен аларга коз чаптырган жигиттер азамат...:)
0
mikoo
2016-08-14 10:48:54
Носкини ыргытып кайра издей беришет тема жакты. Реально ушундай го. Если бир жака барыш керек болуп кочодо групповой балдар турса,омуру звандабаган таанышыма звандап телде суйлошумуш болуп отуп кетем .
+1
Umar.
2016-08-14 11:06:35
mikoo,
Кызык экенсиң, ал не маани бербей өтүп баратканыңды билдиреби
0
KG.Kushtarbek
2016-08-14 11:33:52
Туура
0
Rasul.199101
2016-08-15 02:07:31
Катын жакшы болсо издебейсин эрте менен турсан жууп утуктоп койот
0
Rasul.199101
2016-08-15 02:09:15
Дагы билбедим тугандар силерде кандай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан