Бүгүн, 12-августта Ош шаарында күч органдарынын кызматкерлери үчүн салынып жаткан 220 батирлүү көп кабаттуу үйдүн капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ага вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ички иштер министрлигинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчылары, күч органдарынын кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.
Мэр Айтмамат Кадырбаев бул багыттагы жумуштар мындан ары да уланып, жакынкы жылдарда батирге муктаж жарандарыбыздын саны кескин азаят деп ишенүүгө негиз бар экенин айтып, күч түзүмдөрүнө кубаттуулукту жана кайраттуулукту каалады.
Ал эми Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошовдун айтымында, капсула салынган үй 12 кабаттуу болуп, мыкты кызматкерлерге бөлүнүп берилет.
Белгилей кетсек, 220 батирлүү 12 кабаттуу үй 2017-жылдын күз айларында бүтөт. Көп кабаттуу үй өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жана Ош шаарынын мэриясынын колдоосу менен, республикалык бюджеттин эсебинен курулуп жатат. Сметалык баасы 302 миллион сом.