Орусияда бычактан алган жараатынан улам каза тапкан мекендешибиздин сөөгү бүгүн Кыргыз жерине жөнөтүлөт

12-августка караган түнү Москванын Рязанский кең көчөсүндө бычактан алган жараатынан каза тапкан Кыргыз Республикасынын жараны Атабек Мундузовдун (жердештери Нурик дешчү) сөөгү бүгүн, 13-августта мекенине жөнөтүлөт. КРнын Орусиядагы элчилиги маалымдагандай, анын өздүгү толук аныкталды.

Маалыматка ылайык, маркум 1980-жылы туулган. Ош облусунун Кара-Суу районунан болгон.

Кошумчалай кетсек, ал Москвадагы сыра сатуучу дүкөндөрдүн биринде каза тапкан. Белгисиз адамдардын кол салганынан улам аны менен кошо дүкөндүн сатуучусу да өлтүрүлгөн. Каршылык көрсөткөн дагы бир адам жаракат алган. Орусиялык басылмалар белгилегендей, бул ашынган улутчулдардын колунан келген кылмыш болушу мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
ulan4ik.80
2016-08-13 18:16:50
Жаткан жери жайлуу болсун досумдун,биз классташтары бугун досубуздун соогун жоноттук Кыргызстанга.
+11
ulan4ik.80
2016-08-13 18:19:30
Москвадагы Карасуулуктарга чоон рахмат, бираздан болсо акча жоптоп жардам беришти.
+12
salihalady
2016-08-13 19:40:36
ulan4ik.80,Карасуунун кайсы айылынан экен?
0
ulan4ik.80
2016-08-14 03:34:45
salihalady,Кара-суунун Октябрь деген айылынан болот,досубуз аяабай жакшы болчу. Азерге болушам деп озуно ажал тапты.
+1
Guli000
2016-08-13 18:37:03
Жаткан жери жайлуу болсун,жайы жанатта болсун ылайым,кандай гана максат мн иштеп журду байкуш кудай колдоп бейиш насип этсин!
0
take220281
2016-08-13 19:34:17
Акаев Бакиев Роза Атамбаев орун алмашты, бирок сумма өзгөрбөдү. Көр оокат деп барган да байкуш, жайы жаннаттан болсун.
+11
shake-shake13
2016-08-13 19:50:37
Жаткан жерин жайлуу болсун досум октябрлыктарга чоон ыразычылык билдиребиз
+1
nookat
2016-08-13 20:16:21
Мен ошол жерде болдум эле мас болуп калган экен эле уйуно кет деп ошол жердеги балдар айтышкан экен биз барганда уже жан берип жаткан экен Ал орус бала биринчи пиво саткан 70жаштагы Армиян улутундагы сатычуну бычактап Анан биздин мекендешибизди бычактаган скорая помош келген убакта уже кайтыш болгон жаль 5мин эрте барганыбызда может жанакы олтургон орусту кармап калат белёк ажал экен жаткан жери жайлууу бейиштен болсун жакындарына сабр берсин аллахым
+2
ulan4ik.80
2016-08-14 03:38:12
nookat,досумдун туулган куну болчу ошол куну,биз жумуштан бошобой туулган кунун белгилей албай калган элек.
0
zevs
2016-08-13 21:10:28
Arak barde uruw janjal plum bolot owon spirttik ichimdik satkan jerden alisirak oynosonor ozunorgo jakwy
+2
take220281
2016-08-13 22:27:13
Төрт ажону алмаштырдык күйгөнүм.
Жашоо кыйын, өзгөрбөдү, билбедим.
Эмне кылды алар элге билбеймин.
Алмашканда кан төгүлдү билгеним.
+5
Mercedes202
2016-08-13 22:46:08
Ботон эл, ботон жерде сак болгула мекендештерим!
0
nookat
2016-08-13 22:55:12
Иван Сорокин деген орус экен бугун кармалып 2айга ивске алышты
0
shankol88
2016-08-13 23:41:20
Тообо Жараткан озу сактасын мекендештерибизди.
0
Usow
2016-08-14 05:38:31
Аллахым ырахматына алган болсун. ААМИН
0
refery
2016-08-14 08:30:46
Айланайын кыргызым озунорду абайлагылачы
0
Ainura1981
2016-08-16 17:24:40
Жардам корсоткон бардык Кыргызстандыктарга, жердештерге, тааныгандарга жана конул жакын досторго омур жолдошумдун соогун мекенине алып келууго, айрыкча артында калган туягы уулунун колунан топурак салуусуна себепчи болгонунуздарга терен кайгыруу менен ыраазычылык билдиремин! Жараткан колдоп уй-булонуздор менен бирге аман журунуздор.
0
Ainura1981
2016-08-16 17:30:29
Ulan4ik80 жана nookat деген ысым менен коментарий жазгандар сиздер жолдошумдун достору болсонуздар керек? Терен ыраазычылык билдиремин. Иван Сорокин неге эки айга гана кармалды? 1 эмес 3 адам анын колунан каза тапты го? Балдарды тирилей жетим калтырган зулумду Алла Таала кечирбесин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан