Быйыл Кыргыз жеринен ажылык сапарга аттанган жарандар электрондук билерик тагынышат. Сауд Арабиянын Ажылык министрлиги 2016-жылы зыяратчыларга атайын электрондук билерик тагынуу талабын койгон. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ар бир өлкө Сауд Арабиянын Ажылык министрлиги тарабынан кабыл алынган "HC 100" принтери менен электрондук билерик жасап жатат. Ал эми Кыргыз мамлекетинде да болочоктогу ажылар электрондук билерик менен камсыз болушууда.
Электрондук билерикте ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабынын коду, ар бир зыяратчынын жеке номуру, паспорт сериясы, мамлекети жана 24 саат иштөөчү телефондор жайгашкан. Мындай билерик алардын коопсуздугун сактап, алардын адашып кетүүсүнүн алдын алат. Эгер адашып кеткендер болсо, Сауд Арабиянын коопсуздук кызматы дал ушул электрондук билериктин жардамы менен таап, жол көрсөтөт.