ЖЫЛНААМА, 14-АВГУСТ: 80 жыл мурун баскетбол оюну Олимпиаданын программасына киргизилген

80 жыл мурун, 1936-жылы 14-августта баскетбол оюну Жайкы Олимпиада оюндарынын программасына киргизилген. Ага чейин 1904-жылдан тарта баскетбол оюну Олимпиадаларда элге тааныштырылып, көрсөтүлгөнү менен, мелдеш өтчү эмес.

Баскетболду программага киргизүү 1932-жылы Эл аралык баскетбол федерациясынын түзүлгөнүнөн кийин гана мүмкүн болгон. Бул спорт түрүн оюндардын программасына кошуу боюнча Эл аралык Олимпиада комитетинин атайын чечими чыккан.

Алгачкы Олимпиада чемпиону Америка курамасы болгон. Андан кийин АКШнын баскетболчулары 4 гана жолу алтын медалдан куру калышкан. Калгандарында аларга тең ойногон командалар боло элек.

14-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан