Америкалык актриса Мила Кунис 33 жашка толду. Ал 1983-жылы 14-августта Украинанын Черновцы шаарында туулган.
1991-жылы үй-бүлөсү менен АКШга көчүп кеткен. 1993-жылы жарнамаларга тартыла баштаган. 1998-жылга чейин тасмаларда эпизоддук ролдорду жараткан, андан соң "70-жылдардын шоусу" сериалында башкы ролдордун бирин алган. 2001-жылы "Сүйүү вирусу" тасмасына тартылган. 2002-жылы "Америкалык психопат" тасмасына тартылган, бирок тасма ийгиликтүү болбой, Мила Кунис өзү да тасма тууралуу жакшы ойдо эмес экенин айткан.
Актриса "Кара ак куу", "Достуктагы секс" тасмаларынан улам таанымал болгон. 2015-жылы "Юпитер. Чокуга чыгуу" тасмасында башкы ролду жараткан.
14-августтун жылнаамасы.