ЖЫЛНААМА, 15-АВГУСТ: Жазуучу Зуура Сооронбаева тирүү болгондо 92 жашка толмок

Мындан 92 жыл мурун, 1924-жылы 15-августта жазуучу Зуура Сооронбаева төрөлгөн. 1940-жылы орто мектепти бүтүп, эмгек жолун "Ысык-Көл правдасы" гезитинин редакциясында катчы-машинистка болуп иштөөдөн баштаган. 1959-1974-жылдары район аралык "Коммунисттик эмгек" гезитинде кабарчы, 1974-1979-жылдары кайрадан "Ысык-Көл правдасы" гезитинде кабарчы болуп иштеген.

Биринчи поэтикалык жыйнагы "Менин айылым" деген ат менен 1960-жылы жарык көргөн. Ал бир нече прозалык чыгармаларды жаратып, алардын арасынан 1971-жылы жарык көргөн "Астра гүлү" повести орус тилинде 1979-жылы "Осенние цветы" деген ат менен басылып чыккан. З.Сооронбаева драматургия жанрында да бир нече пьесаларды жазган. Мисалы: "Эркек колукту", "Сынган мазар", "Байлык жана махабат", "Өрттүү таң". Анын "Сынган мазар" пьесасы казак тилине которулуп, "Илдет" деген ат менен Абай атындагы Жамбыл театрында коюлган. З.Сооронбаева бир катар роман, повесть, аңгемелердин жана эсселердин автору. "Чоочун киши" романынын уландысы окурмандардын суранычы боюнча жазылып, экинчи китеп болуп чыккан.

15-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
surgeon777
2016-08-15 18:13:34
Жаткан жериниз жайлуу болсун.Сиздин чыгармаларыныз биздин журогубуздо кала берет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан