2017-жылы жаңы "Эмгекти коргоо" программасы ишке аша баштайт

Кыргыз Республикасында 2017-2022-жылдарга жаңы "Эмгекти коргоо" программасы ишке ашырылат. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев айтканын мекеменин маалымат кызматы 15-августта билдирди.

Анын айтымында, ал жетектеген мекеме учурда аталган программаны түзүүнү бүтүрүүдө. "Бул программанын негизги максаты - жумуш учурунда жаракат алуулардын санын азайтуу. Мисалы, эгер 2010-жылы жумушта 454 адам жаракат алса, былтыр бул көрсөткүч 159га барабар болгон. Тилекке каршы, ишканалардын айрымдары өрт жана жол коопсуздугунун эрежелерин сакташпайт", - деди Базарбаев.

Маалым болгондой, аталган программа эмгекти коргоону техникалык камсыздоону, эмгекти коргоо боюнча адистерди даярдоо жана окутууну камтыйт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан