Дүйнөлүк спорт уюмдарынын сайттары хакердик чабуулга кабылууда

Эл аралык Олимпиада комитетинин сайттары күн сайын хакердик чабуулга кабылып жатканын аталган комитеттин өкүлү Марк Адамс билдирди. Анын айтымында, чабуулдар Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан оюндарга байланыштуу. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Мындан тышкары 13-август күнү Допингге каршы дүйнөлүк агенттигинин маалымат таратуучусу Юлия Степанова аталган агенттиктин сайтындагы аккаунтун жана электрондук дарегин хакерлер бузушканын билдирген.

Белгилей кетсек, буга чейин спорт арбитраждык сотунун сайтына дагы чабуул болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
keba300989
2016-08-15 15:54:19
Интернет болгондон кийин хаккерди токтотуш кыйынго деп ойлойм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан