ЖЫЛНААМА, 15-АВГУСТ: Орус эстрада ырчысы Нюша 26 жашка толду

Орус эстрада ырчысы, композитор Нюша 26 жашка толду. Ал 1990-жылы 15-августта Москвада төрөлгөн. Нюшанын өз аты - Анна Владимировна Шурочкина. Нюша алгач 5 жашында студияда "Чоң аюунун ыры" аттуу ырды жаздырган. Музыкалык билим алган эмес. 11 жашында "Гризли" тобунда ырдап баштаган. 14 жашында "Жылдыздар фабрикасы" сынагына жашы жетпей өтпөй калган. 2007-жылы "СТС супержылдызды жандырат" деп аталган телевизиондук шоудо Бьянканын "Были танцы", Максим Фадеевдин "Танцы на стёклах", "Ранетки" тобунун "Тебя любила я", Фергинин "London bridge" ырларын аткарып, жеңүүчү болгон.

2008-жылы "Жаңы толкун" Эл аралык сынагында 7-орунду алган. 2009-жылы өзүнүн биринчи "Вою на луну" ырын жаздырган. 2009-жылы 18-апрелде "Бог эфира-2009" сыйлыгынын лауреаты, "Вою на луну" ыры үчүн "Песни года-2009" сынагынын лауреаты болгон. 2010-жылы өзүнүн дебюттук "Не перебивай" альбомун чыгарган.

15-августтун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dastan_nookat
2016-08-15 13:11:15
Кутуктайм Нюша
+3
Gema
2016-08-15 13:37:51
кызыктырбайт
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан