Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Молдовановка айылындагы №1-түзөтүү колониясында тактикалык машыгуулар өттү. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Коргоо жана конвой департаментинин аскер кызматкерлери ЖАМКтын кызматкерлери менен биргеликте колониялардагы массалык баш аламандыктарды жоюу жана барымтага алынган адамдарды бошотуу боюнча операцияларды жасашты.
"Мындай машыгуулар ЖАМКтын мекемелеринде тартипти сактоо үчүн кызматкерлердин кесиптик ыкмаларын өнүктүрүүгө жардам берет", - деп айтылат маалыматта.