Ысык-Көл облусунун башчысы Асхат Акибаев Тоң районундагы бир катар объектилердин жана көлдүн жээгиндеги тазалыктын абалы менен таанышып чыкканын облустук администрациядан 15-августта кабарлашты. Көл жээгиндеги алынбай жаткан таштандылар үчүн район акими Улан Эсенгул уулу эскертүү алды.
Облус башчысы: "Силер эс алуучулар үчүн шарт түзүшүңөр керек. Таштандылар унаа жолунун жана көлдүн жээгине ташталган. Ижарачылардан тазалыкты сактоону талап кылгыла. Эс алуучулар унааларын жолго токтотуп коюп, авариялык абал жаратып жатышат. Эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн жол белгилерин орноткула же унаа токтотуучу жай кургула", - деп айтты.
Аким тапшырма бир жуманын ичинде аткарыла турганын убадалады.