Албек Ибраимов Бишкек шаарын кыдырып, жолдун четин тосуу иштери менен таанышты (фото)

Бүгүн, 15-августта Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов Бишкектеги Аска-Таш комплексинин, Батыш автобекеттин, Көлмө конушунун, "Ала-Тоо" аянтынын курулуш иштери менен таанышып чыкты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Калаа башчы "Манас" аэропортуна кетчү унаа жолунун жана Жибек-Жолунун Батыш автобекетинен Фучик көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жолдун четин тосуу боюнча иштер менен таанышып, ишти өз убагында бүткөрүүнү тапшырды. Андан сырткары Көлмө конушунун Теңдик көчөсүн асфальттоону жана көчөнү жарыктандыргычтарды орнотууну буйруду. Ал эми райондук бийлик башчыларына оюн-зоок жайларынын, дүкөндөрдүн, курлуш компанияларынын жетекчилерине өздөрүнүн объектилеринин сырткы көрүнүшүн жакшыртууну талап кылууну айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KGstan1981
2016-08-15 17:25:16
Эмне у-н Бишкектин киреберишине Ошто Мелис Мырзакматов курган аркага окшотуп бир арка салышпайт аябай кооз корунот экен.
+3
ruffo90
2016-08-15 17:30:24
Арканын эмне кереги бар Бишкекке? Аска-Таш турбайбы аэропорттон келе жатканда.
0
Mirkgz-1990
2016-08-15 18:40:06
Кош келиңиздер деп турат го билермандар айтып чыгышты элего кош деген тууру болбой калат кыргызчасы куш келиңиздер деп мектептердин кире беришиндеги коштор куш болгон эле
0
erikkarakulja
2016-08-16 01:25:15
Куш озбекче эмеспи.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан