Өлкөдө Курман айт майрамы болжолдуу түрдө 12-сентябрга белгиленди

Өлкөдө Курман айт майрамы болжолдуу түрдө 12-сентябрга белгиленди. Бул тууралуу бүгүн, 15-августта Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

"Майрамдын белгилениши мал союп, колунда жок муктаж үй-бүлөлөргө таратуу менен айырмаланат. Курман айтта уй, кой, эчки, төө союуга болот. Ал эми канаттуу (тоок, үндүк, каз, өрдөк) союп Курман айтты өткөрүүгө ислам дининде уруксат берилген эмес", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, ислам дининде Курман айт майрамын белгилөө Орозо айт майрамынан 70 күндөн кийин белгиленет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
salimbek87.kg
2016-08-15 19:31:33
Аллахым ошол курбан айт кунду насип кылсын.
+3
Guli000
2016-08-15 21:14:35
Ураа кандай гана соонун майрамдардын бири Айт майрамы!
0
askarkgaskar
2016-08-16 01:13:48
Мааш Алла , баарынарды келе жаткан Курбан айт майрамы менен куттуктайм !!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан