Быйылкы ажылыкка алгачкылардан болуп Ош шаарынан 342 жаран жөнөйт

Бүгүн, 15-августта Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" мечитинде жарандарды ажылык сапарга узатуу иш-чарасы болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жана шаар тургундары катышты.

Айтмамат Кадырбаев зыяратчыларга ажылык сапарга барып, кыргыз жерине, анын ичинде Ош шаарынын тынччылыгы үчүн дуба кылуусун суранды.

“Баарыңыздарды карап туруп жүзүңүздөрдөн тазалыктын, боорукердиктин нуру чачып жатканын көрүп турам. Ажылык сапар дал ушунусу менен айырмаланат. Мусулманчылыктын бир парзын аткарып ажылык сапарга аттанып жатасыздар, ийгилик менен барып келиңиздер. Сүйүктүү пайгамбарыбыз туулуп-өскөн жана ислам дини алгачкы жаралып ааламга жайыла баштаган ыйык жерлерди көрүү адамдардын жан дүйнөсүнө кубат берип, диний ишенимдерин күчөтөт”, - деди Кадырбаев.

Ош шаарынын казыятынын маалыматы боюнча, 19-август күнү Кыргыз жеринен алгачкылардан болуп Ош шаарынан 342 жаран ажылык сапарга учуп кетет. Жалпысынан Меккеге зыярат кылууну көздөгөн 604 шаар тургуну шаардык казыятка кайрылып, чүчү кулактын негизинде 342 жаран тандалып алынган.

Белгилей кетсек, ажылык сапар менен Меккеге аттануу 19-августтан 19-сентябрга чейин жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Aldyiar
2016-08-15 19:25:57
Биздин кыргыз элибиз аазго суроттон коруп карасам
0
ERCHOROEV
2016-08-15 19:42:54
Макала туура эмес жазылганго дейм. Жэ туура эмес маалымат беришкен. Себеби бир макалада болжолдуу турдо деп 12-сентябр курман айт деп турат. Озгорсо 1 2 кун озгорот. А оштон акыркы каттам 19-сентябрь жонойт экен ошондо кандай болуп калат. Негизи ажылар ажылык амалын курман айт куну аткарышатко биягы кандай болуп калды жэ мен туура эмес тушунуп жатамбы?
0
Aldyiar
2016-08-15 20:20:31
Азыркы кезде ажыга барыш канча акча экен сураныч билсенер жазып койсонор жакшы болот эле рахмат алдын ала
0
Dadasdasd
2016-08-16 00:40:58
Aldyiar,2600$
0
Aldyiar
2016-08-16 00:47:59
Dadasdasd,рахмат сизге
0
Tansuluu09
2016-08-15 20:29:04
Ажылык сапарлары кабыл болсун бизге да насип кылсын
+2
Shef87
2016-08-15 22:30:38
342 ош шаары элеби обулус боюнча канча киши 342 бир кундо учабы такраак маалымат бергилечи
0
Soni130587
2016-08-15 23:41:50
Ажылык сапарыныздар байсалдуу болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан