Бүгүн, 16-августтан тарта 25-августка чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 131-чакырымында (Боом капчыгайы) тоодон атайылап таш түшүрүү иштери башталат. Транспорт жана жол министрлигинен билдиришкендей, таш түшүрүү иштери саат 09:00дөн 15:00гө чейин улантылып, унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилмекчи. Айта кетсек, буга чейин Боом капчыгайында улам таш түшүп, жол жүрүүчүлөргө кооптуулук жараткан учурлар катталган.