Ош шаардык мусулмандар казыяты өрттөн жабыркаган үй-бүлөлөргө 120 миң сом жардам көрсөттү. Бул тууралуу бүгүн, 16-августта муфтияттан билдиришти.
"Ош облусундагы Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Новаи көчөсүндө өрттөн жабыркаган 10 үй-бүлөнүн жашоочуларына 120 миң сом жардам көрсөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Кайрымдуулук иш-чарасына Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев катышты. Шаар казысы өрттөн жабыркаган тургундарды сабырдуу болууга чакырып, мындан сырткары тилсиз жоодон сактануу үчүн үй жумуштарында кылдат болууга үндөдү.
Эске салсак, 6-август күнү Кызыл-Кыштак айылындагы бир нече үйдөн өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 3 турак жай толугу менен күйүп, 5 турак жайдын чатырлары өрттөнүп кеткен.