ЖЫЛНААМА, 16-август: Америкалык ырчы Мадонна 58 жашка толду

Атактуу америкалык ырчы, продюсер, бийчи, жазуучу, кинорежиссёр, сценарист, филантроп Мадонна (Мадонна Луиза Вероника Чикконе) 58 жашка толду. Ал 1958-жылы 16-августта Мичиган штатында, Бей-Сити шаарында туулган. 1978-жылы Мадонна бийчи болуу максатында Нью-Йоркко көчүп келген, рок-топтордун катышуучусу болуп, кийинчерээк ыр жаза баштаган.

1983-жылы "Мадонна" аттуу дебюттук альбомун чыгарган. Мадоннанын эсебинде "MTV Video Music Awards" церемониясынын 20 статуэткасы жана 7 "Грэмми" сыйлыгы бар. Ырчынын көптөгөн ырлары дүйнөлүк чарттарда биринчиликтерди алып рекорд койгон: "Like a Virgin" (1984), "La Isla Bonita" (1986), "Like a Prayer" (1989), "Vogue" (1990), "Frozen" (1998), "Music" (2000), "Hung Up" (2005) жана "4 Minutes" (2008).
"Гиннесстин рекорддор китеби" боюнча Мадонна эң ийгиликтүү коммерциялык аткаруучу деп берилген. "Time" журналы анын азыркы музыкага берген таасири үчүн "Өткөн 100 жылдыктын эң өкүмчүл 25 айымы" тизмесине киргизген.
"Billboard" Мадоннаны жеке ырчылардын арасынан эң ийгиликтүү жана мыкты артист деп тапкан. 1980-жылдардын акырынан бери Мадонна "поп-музыканын ханышасы" деп аталып келет.
16-августтун жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан