Университеттердин 2016-жылкы дүйнөлүк академиялык рейтинги аныкталды

Бул рейтинг 2003-жылдан тарта жыл сайын жарыяланат. Рейтингде дүйнөдөгү эң мыкты делген 500 университет аныкталат. Бул жылы тандоого 2 миңден ашуун университет катышууга аттанганы менен, 1200ү гана өтүп, алардын арасынан 500 университет тандалганын "РИА Новости" басылмасы жазып чыкты.

500дүккө "Нобель" же "Филдс" сыйлыгынын лауреаттары болгон бүтүрүүчүлөрү, кызматкерлери бар, акыркы 10 жылда "Nature" жана "Science" журналдарында жарыяланган эмгектери бар, "Science Citation Index – Expanded" (SCIE) жана "Social Sciences Citation Index" (SSCI) индекстерине кирген көп сандагы макалалары бар университеттер кирет.

Бул рейтингди "ShanghaiRanking Consultancy" эркин коому түзөт. 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча алдынкы ондукка АКШдагы Гарвард, Стенфорд, Берклидеги Калифорния университети, Массачусетс, Принстон, Калифорния, Колумбия жана Чикаго 8 университети, Улуу Британиянын Кембриж менен Оксфорд университеттери кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nusu9898
2016-08-16 18:45:57
оо баары мен ойлогондой. буюрса жакынкы 10 жылда менда АКШ дагы Гарвард университетине барып билим алып келип элиме кызмат кылам.
0
PeRa
2016-08-16 20:50:51
Англия менен Американын Университеттеринин рекламасы. Адамдын башы иштесе башка жактан бутуп деле ийгиликке жетишет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан