Бүгүн, 16-августта билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева мектептерди күз-кыш мезгилдерине даярдоо боюнча штабды кабыл алып, отчётун укту. Министрликтин маалыматына таянсак, учурда билим берүү мекемелеринин жылуулук системдерин күз-кыш мегилдерине даярдоо боюнча иштер аткарылып жатат. Министр Сариева быйыл мектептерде кышкы каникул узартылбай турганын айтып, жергиликтүү органдар менен биргеликте жылуулук системдерин сапаттуу даярдоо маанилүү экенин белгиледи. Кышкы каникул өткөн жылы 25 күнгө созулган.