Бишкектеги ири провайдер интернетке баа өсүшү мүмкүн экенин билдирди

Бишкектеги ири провайдерлердин бири өзүнүн расмий сайтына “Бизден жогору турган провайдер интернеттин баасын жогорулатып жаткандыгы тууралуу маалымдайбыз. Компания бааны өзгөртпөөгө бардык күчүн жумшоодо. Эгер сүйлөшүүлөр күтүлгөндөй жыйынтык бербесе, биздин да тариф өзгөрүшү мүмкүн. Ал эми жакынкы күндөрдө сырткы каналдар боюнча интернеттин ылдамдыгы төмөндөөрүн кошумчалайбыз”, - деп жазып чыкты.

Буга чейин SUPER.KG порталында Казакстанда интернет кызматтарынын эки эсеге кымбатташы Кыргыз Республикасындагы бааларга да таасирин тийгизиши мүмкүн экени жазылган.

Байланыш операторлор ассоциациясынын башчысы Нурбек Абасканов татаал табигый тандоо болорун билдирди.

Бул жерде экономикалык логика жүгүртүү оңой. Мисалга, мурун орточо провайдер 25 миң доллар төлөсө, жаңы баалар күчүнө киргенден кийин 80 миң доллар төлөөгө туура келет. Орточо провайдер мынча акча таппайт. Ошондуктан провайдер же бааны көтөрбөй, өзүнүн чыгашасына иштөөнү, же көтөрүп кардарды жоготууну тандашы керек болот. Биринчи дагы, экинчи дагы көрүнүштө компания жапа чегет, ошого байланыштуу жабылат. Ошентип, Кыргыз Республикасынын интернет рыногунда провайдерлердин саны азайып, ири болгондору гана калат. Кандай болгон күндө дагы жөнөкөй интернет колдонуучуга бул иштин кесепети тиет”, - деди Нурбек Абасканов SUPER.KG'ге.

Эске салсак, интернетке болгон баа өсүшү мүмкүн экени “Казактелеком” ишканасы баалардын өзгөрөрү тууралуу маалымдагандан кийин айтыла баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Shef87
2016-08-16 18:05:46
интернети жок да жашап жургонбуз асманга илип албайбы
+8
Palan4a
2016-08-16 18:14:21
Shef87,ал убак башка, азыр башка. Анда интернет деген тушунуу жокко эсе эле.
Азыр баарын, билип тушунгондо, айтып койгон мн аткару кыйын!…
-3
Frunze74
2016-08-16 18:22:54
Palan4a, жашоо озгоргону менен интернет болбосо жашоо токтоп калбайт... Интернети жок жашаган бир жагынан пайдалуу дагы. Бош убакыт откоруунун ордуна жумуштарынды бутуросун, баландын омуру кызыкпаган сабагын сурап кызыгасын, телефон карматпай тарбиясына конул буруп ата-энелик кеп-кенешинди айтасын. Айтор интернеттен да маанилуу жумуштар коп экенине ынанасын.
+2
tuigan.
2016-08-16 18:33:10
Shef87,туура.интернети жок реальный жашоо кызыктуу
+5
Aygir
2016-08-16 18:15:02
Да ну на*ик,было бы нормальный скорост..а ещё дорожать это черезчур
+1
Frunze74
2016-08-16 18:26:12
Качантан бери Кыргызстандык провайдерлер Казтелекомдун козун карап калышкан? Кыргызстан суверенитеттуу олкобу же Казахстан менен Озбекстандын автономиясыбы? Бул бир шылтоо да. Бакиев доорунан бир элес. Атамбаев да Бакиевчесинен эл башкарып чарчаганбы не?
+3
JENTELMEN
2016-08-16 19:11:09
Максимдин кылганынын бир туру экен да мунусу э
+2
Gensek
2016-08-16 21:03:47
Чон олтуруп койсон да бакиевчилер куноолубу?
-1
Khabib
2016-08-17 04:23:42
Кыргызстан спутнике интернет желесин учурган эмес казактар учурган азыркы учурда кыргыздардын интернети казактарга 100%коз каранды
0
ruslanz
2016-08-17 09:49:51
Азыркы заманда интернет созсуз керек. Ин -сиз мумкун эмес. Болгоу туура жака пайд-нуу керек. Видео коруштун эмне кереги бар, мб коп кетет. Маалымат алыш-жонотуш учун пайдалануу керек.
0
Gyiwak
2016-08-17 13:32:40
норм интернет жок... операторлор жейт, особенно О!интернет акысы 20 сом болсо 25-27 сомго чейин алат... супео инфо ушул жөнүндө материал даярдагылачы... карапайым калктан сурамжылоо кылып...
0
daniel87
2016-08-17 22:59:32
Россиялык компаниялар эмнеге барбайт айтып койушум керек экен ээ Айла жокдон жазасында
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан