Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагында кооптуу химиялык уулуу зат табылды. Бул тууралуу Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция билдирди.
"Химиялык уулуу затты Сокулук районунун Новопавловка айыл аймагына кимдир бирөөлөр таштап кетишкен. Мамэкотехинспекциянын экологдору уулуу зат ташталган жерге барып, аныктоо аракетин көрүштү. Аталган химиялык заттар 200 литрлик челектерде болуп, сыртындагы белгилери өчүрүлүп, кагаздары сыйрылып, жашыруу аракети көрүлгөнү байкалды. Жалпы салмагы болжол менен 4,5 тоннаны түзгөн заттын арасынан челектердин сыртына чапталган кагаздын айрындысы табылды. Андагы жазуулар немис тилинде болуп, котормосунда өтө кооптуу жана өтө коркунучтуу ооруларды чакыра турган уулуу зат экендиги жазылган. Учурда аталган инспекциянын Экология боюнча коопсуздук башкармалыгынын адистери тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, бул коркунучтуу затты аныктаганга тиешеси бар ведомстволорго кат жөнөтүп, иликтөө иштерин баштады", - деп айтылат маалыматта.